Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жаны өз ордуна келүү. 2. Тыным алуу, тыныгуу, эс алуу, жайбаракаттанып жайлана түшүү. Жаны сеп алып, коридордогу эски диванга шалдая кыңкайды (Жусупов). В.: Жаны жай алуу. Касымбек азынооолак тыныгуу, жаны жай алуу керектигин ойлоду (Бейшеналиев). Өмүр бою эмгек менен эриш-аркак жашап, күндөлүк машакатты кесип кылып, бекерчиликти билбеген кемпирдин жаны жай алып, колу бошобойт (Борбиев).